Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү

Аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрдү.

 

Жыйында чек ара жана бажы кызматынын жетекчилери бул багытта аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

 

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев, аткезчиликтин алдын алууга багытталган иш аракеттерге карабай,акыркы учурда чек ара аймактарында аткезчилик активдешип жатканын белгилеп, бул багытта күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

 

Андыктан мүмкүн болгон бардык чараларды көрүп, катуу күрөш менен мыйзамсыз бул иш аракетке бөгөт коюуну тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

 

Координациялык кеңешменин жыйынтыгы менен чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.

Связанный пост