Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 52,1 млн сом каржыланды

 Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 52,1 млн сом каржыланды

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Ош облусу боюнча 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 52,1 млн сом суммасында 52 долбоор каржыланды.

– Кара-Кулжа районунун 11 объектисине 9,6 млн сом;

– Араван району- 6 объектиге 4,6 млн сом;

– Кара-Суу району – 6 объектиге 9,2 млн сом;

– Ноокат району – 4 объектиге 2,1 млн сом;

– Алай району – 4 объектиге 6,9 млн сом;

– Өзгөн району – 16 объектиге 16,7 млн сом;

– Чоң-Алай району – 5 объектиге 3,0 млн сом;

 

Анын ичинен:

– 19 мектепке – 16,2 млн сом;

– 16 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 18,5 млн сом;

– 5 спорттук курулуштарга – 3,7 млн сом;

– 1 маданий маанидеги объектилерге – 0,7 млн сом;

– 11 бала бакчага – 13,0 млн сом;

Связанный пост