Төрага Нурланбек Шакиев окуучуларды таңкы саат 07:30 окутуу маселесин кайрадан карап чыгууну талап кылды

 Төрага Нурланбек Шакиев окуучуларды таңкы саат 07:30 окутуу маселесин кайрадан карап чыгууну талап кылды
Төрага Нурланбек Шакиев окуучуларды таңкы саат 07:30 окутуу маселесин кайрадан карап чыгууну талап кылды. Бул тууралуу КР ЖК коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы мектеп окуучуларын таңкы саат жети отуздан, ал эми студенттерди саат ондон баштап окутуу тууралуу мэриянын чечимин сынга алышты.
Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар тарабынан көтөрүлгөн бул маселе өтө маанилүү экенин, аталган жагдай боюнча жарандардан да көптөгөн кайрылуулар келип жатканын белгиледи.
“Жаш балдарды жетиде окууга жөнөтүш үчүн алтыда тургузуш керек. Ал эми түштөн кийин окугандардын сабагы кеч бүтүп, окуучулар кечки саат 8-9дарда үйүнө барат. Кечки тамактануусу 10-11лерде болуп калат. Эксперимент катары мындай ыкма жасалбашы керек болчу. Министрлер кабинети бул маселени ыкчам түрдө карап, чечиши зарыл”, – деди.
Кошумчалай кетсек, депутаттар Дастан Бекешев менен Марлен Маматалиев да мектеп окуучуларынын, студенттердин окуусуна тиешелүү бул чечим калаадагы тыгынды азайтпастан, тескерисинче ыңгайсыздык жаратканын белгилешип, аталган маселени тез арада чечүү керектигин билдиришкен.

Связанный пост