Январь-август айларында 38 миң жаранга пенсия дайындалып чектелди
2024-жылдын январь-август айларында 38000 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу КР Социалдык фонду маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-август айларында 38000 жаранга пенсия чектеди.
Ошонун ичинде 2024-жылы август айында 2284 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 468 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.