Ош шаарында үй тибиндеги эки бала бакча ачылды

 Ош шаарында үй тибиндеги эки бала бакча ачылды

Күн мурун Ош шаарында үй тибиндеги эки бала бакча ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, күн мурун “Сулайман-Тоо” жана “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыктарында аталган программанын алкагында Ага-Хан фондунун “WE CARE: Аялдардын туруктуу ишмердүүлүгүнө шарт түзүү” долбоорунун көмөктөштүгү менен “Жетиген” жана “Жаннат” аталыштарында үй тибиндеги бала бакчалардын ачылышы болду.

 

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, мектепке чейинки билим берүү балдардын билиминин негизи болуп эсептелээрин, аталган программанын алкагында ачылган үй тибиндеги бала бакчалардын бул багытта чоң жардам берилээрин билдирди.

 

Ош шаарында үй тибиндеги бала бакчалардын жеңилдетилген шартта ачуу боюнча эл арасында калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн атайын жумушчу топ иш алып барууда.

 

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагындагы долбоордун максаты – өлкөдөгү чакан бизнести колдоо жана үй-бүлөлөргө үйүндө же батиринде үй тибиндеги бала бакча уюштурууга жардам берүү, документтерди алууну жөнөкөйлөтүү болуп саналат.

 

Ош шаарында бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү жана “Өкмөттүк акселераторлор”Муниципалитеттен билдир программасын ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча иштер уланууда.

Связанный пост