Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди
Кыргызстандын түштүгүндө түндө саат 02:53тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркаларында Байбиче айылынан 15 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 120 чакырым түндүктө жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.