Бүгүн Ысык-Көл облусунда 3 мектеп, 3 бала бакча жана Маданият үйүнүн ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча 3 мектеп, 3 бала бакча жана Маданият үйүнүн онлайн ачылыш аземи болуп өттү.

Алар:

• Ак-Суу районунун Жергез айылындагы О.Элебесов атындагы 150 орундуу мектеп;

• Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылындагы А.Рысмендеев атындагы 225 орундуу мектеп;

• Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы Пушкин атындагы 275 орундуу мектеп;

• Түп районунун Байзак айылындагы 100 орундуу бала бакча;

• Түп районунун Михайловка айылындагы 100 орундуу бала бакча;

• Түп районунун Кең-Суу айылындагы 100 орундуу бала бакча;

• Түп районунун Талды-Суу айылындагы 220 орундуу маданият үйү.

Связанный пост