Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Нарын облусунда 10 объект ачылды
Бүгүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Нарын облусунда 10 объект ачылды.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын ичинен бешөө социалдык обьект, бешөө өндүрүш ишканасы болуп саналат.
Алардын бири Ат-Башы районундагы эл аралык соода-логистикалык борбору. Борбордун ачылышына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Ат-Башы районунун акими Эмил Абдыкадыров, Ат-Башы эл аралык соода-логистикалык борборунун негиздөөчүсү Эмил Өмүракунов, аталган логистикалык борбордун башкы директору Эсенбек Өмүргазиев жана райондун тургундары катышты.