Адылбек Касымалиев Катар кайрымдуулук фондунун глобалдык программалар боюнча директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Катар кайрымдуулук (Qatar Charity) фондунун глобалдык программалар боюнча директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади менен жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушууда тараптар гуманитардык жардам жана Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Адылбек Касымалиев жарандардын жашоосун жакшыртууга жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган кайрымдуулук демилгелерин колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Наваф Абдулла Аль-Хаммади Катар кайрымдуулук фонду бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да жигердүү иш алып барып жатканын белгилеп, муктаждарга жардам берүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

 

Тараптар кайрымдуулук жана социалдык жоопкерчилик жаатында мындан аркы өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты. Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасындагы жигердүү кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн Наваф Абдулла Аль-Хаммадиге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

Связанный пост