Нарын шаарына келген электробустар каттамга чыгат
Нарын шаарына алынып келинген электр автобустар салтанаттуу тапшырылды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Коомдук унаалар облус жетекчиси Алтынбек Эргешов демилгелеген “Нарын-реновация” долбоорунун алгачкы компоненттеринин бири.
Нарын шаарынын элин коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатындагы аракеттердин натыйжасында КР Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду аркылуу 7 жылга (1 жыл каникул) 4,0-8,0 % бюджеттик кредит менен 66 миллион сомго заманбап үлгүдөгү 5 электробус заряддык каражаттары менен алып берилди. Электробустарда 36 орундук, кондиционер, пандустар жана башка бардык ыңгайлуу шарттары бар.
Коомдук автоунаалардын ачкычтарын тапшыруу иш чарасында облус жетекчиси Алтынбек Эргешов эми троллейбустар алынып келинээрин, “Нарын – реновация” долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен 657 миллион сом каражат бюджеттик кредит катары берилип жатканын жана бул иштер жакында башталаарын, шаардын борбордук көчөсүнө жана ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, фасады оңдолоорун маалымдады.
Ошондой эле келген унаалар акжолтой болуусун тилек кылып, сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.
Иш чарада Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык Кеңешинин депутаты Афтандил Молдосалиев облус жетекчилигине Нарын шаарынын элинин атынан ыраазычылык билдиришти.
Эми шаардын РТС чөлкөмүнө 3 электробус, Москва чөлкөмүнө 2 электробус бөлүнүп, эртеңден баштап каттамга чыгат. Жол кире 10 сом.