“Кыргызтелеком” жыл башынан тарта 768 млн сом киреше тапты

 “Кыргызтелеком” жыл башынан тарта 768 млн сом киреше тапты

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында “Кыргызтелеком” ААКтын кирешеси 12% га өсүп, 768 млн 295 миң сомго жетти . Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

 

Маалыматка ылайык, бул пландаштырылгандан 108% га көп. Өсүшкө негизги салым интернет кызматтары (+8%) жана IPTV (+53%) кошкон.

 

Биринчи жарым жылдыкта ички зоналык байланыш каналдарын кеңейтүү боюнча иштер ийгиликтүү аяктады. Бул өлкөнүн бардык аймактарынын жашоочулары үчүн интернеттин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берди.

 

Тармактар аралык туташтыруудан түшкөн киреше 422% га көбөйүп, 52 млн 640 миң сомду түздү.

 

Жарым жылдык үчүн таза киреше 82 млн 367 миң сомду түздү, бул пландык көрсөткүчтөрдөн кыйла жогору. Операциялык эмес иштерден түшкөн пайда дивиденддерди жана курстук айырмадан түшкөн кирешени кошкондо 113 млн 295 миң сомго жетти.

 

Дебитордук карызды азайтуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө, ал 2% га 58 млн 441 миң сомго чейин азайды жана кредитордук карыз 26% га ийгиликтүү кыскарып, 1 млрд 95 млн 357 миң сомго жетти.

 

“Digital CASA-КР” долбоорунун алкагында 445 мамлекеттик мекеме үчүн була-оптикалык байланыш линияларын куруу боюнча иштер аяктады. Караколдо жана Ошто GPON жабдууларын монтаждоо жана ишке киргизүү улантылууда.

Связанный пост