БА мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды

 БА мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта, Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусуна катышты.

 

Иш-чара Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өттү.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюп, кабыл алышты:

 

1. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү.

 

2. “Борбор Азия-2040” аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы.

 

 

3. 2025-2027-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасы.

 

4. “Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевди Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө” Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунун чечими.

Связанный пост