Ош шаарында селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары жайкы лагерде эс алышат

 Ош шаарында селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары жайкы лагерде эс алышат

Ош шаарында селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтүү максатында жайкы лагерлер уюштурулду. Бул тууралуу Ош шапрынын мэриясынан маалымдашты.

Жалпы 100гө жакын бала 10 күн бою “Жеткинчек” эс алуу жайында жана мектептер алдында уюштурулган лагерлерде атайын программа менен убактыларын пайдалуу өткөрө алышат.

Эс алууда балдар педагог-тарбиячылардын жардамы менен окууга даярдыктарды көрүшөт. Ошондой эле аларга психолог, медициналык кызматкерлер тарабынан психологиялык жардамдар көрсөтүлүп, ден соолугуна кам көрүлөт.

Связанный пост