Баткенде 1% менен насыя алуучулардын алгачкылары аныкталды

 Баткенде 1% менен насыя алуучулардын алгачкылары аныкталды

Баткенде 1% менен насыя алуучулардын алгачкылары аныкталды

 

«Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүктүрүү» экинчи долбоору, Дүйнөлүк банк тарабынан берилген каражаттардын эсебинен, АРИС уюму “АгроВей” компаниясынын аткаруусунда жергиликтүү бийлик менен бирге ишке ашырып жатат.

 

Долбоордун максаты, Баткен облусунун агросекторун өнүктүрүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында 700 млн.сом товардык насыя 1% өлчөм менен, 5-7 жылга чейин берилет.

 

Алгач Баткен облусунун айыл-чарба тармагына изилдөө жүргүзүлүп, өндүрүштүн артыкчылыктуу 12 багыты аныкталган. Ал эми жыл башынан тартып, ар бир айыл өкмөттө ишкерлерге жана дыйкандарга 1% товардык насыя боюнча маалыматтар берилген.

 

Натыйжада ишкерлер жана кооперативдер тарабынан сунушталган 6 бизнес план толук иштелип бүтүп, токтом кабыл алынган. Финансы Кредиттик Фондуна жиберилген.

 

Сунуштары жактырылган долбоорлор,

 

1-“Арпасай Береке багы” айыл чарба кооперативи, суралган товардык насыянын суммасы 3 783 620 сом

2- “Бат Логистик” ЖЧКсы, суралган товардык насыянын суммасы 6 555 968 сом

3- “АгроМир” ЖЧКсы, суралган товардык насыянын суммасы 7 040 000 сом

4- “Ак-турпак групп” ЖЧКсы, суралган товардык насыянын суммасы 15 600 000 сом

5- “Клубмалина Жаны-Жер” айыл чарба кооперативи, суралган товардык насыянын суммасы 14 433 000 сом

6 – “АгроЛидер Найман” айыл чарба кооперативи, суралган товардык насыянын суммасы 20 000 000 сом.

 

Учурда 2- этапка 28 агрокластер катышуучуларынын бизнес пландары түзүлүп бүтүп, долбоор сунуштары жана талап кылынган документтери даярдалууда.

 

Белгилей кетсек, товардык насыяларды айыл чарба өндүрүүчүлөрү 250 миң сомдон – 2 млн сомго чейин, айыл чарба кооперативдери, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, логистикалык борборлору – 20 млн сомго чейин, кайра иштетүүчү ишканалар 35 млн сомго чейин алса болот.

 

Долбоордун алкагында бир нече ишкердин башын бириктирген кооперативдерге артыкчылыктар каралган.

 

Каалоочулар маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышса болот. 0500 580 133.

0773 664 934

Связанный пост