Жыл башынан бери “Манас” эл аралык аэропорту дээрлик 3 млн жүргүнчүнү тейлеген

 Жыл башынан бери “Манас” эл аралык аэропорту дээрлик 3 млн жүргүнчүнү тейлеген

Жыл башынан бери “Манас” эл аралык аэропорту 2 млн 700 миң жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 6 айда 20 миң 900 каттам аткарылды.

“Каттамдардын 70 пайызы эл аралык болсо, 30%ы ички каттамдар. Жылдан жылга жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө. Буга жаңы каттамдардын ачылганы оң таасирин тийгизип жатат”, – деди ал.

Связанный пост