6 айдын ичинде “Кыргызаэронавигация” 451 млн сом пайда тапты

 6 айдын ичинде “Кыргызаэронавигация” 451 млн сом пайда тапты

6 айдын ичинде “Кыргызаэронавигация” ишканасы 451 млн сом пайда тапты. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын директору Төрөкелди Өмүров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

 

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3%га же 112 млн 670 миң сомго көбөйгөн.

 

“1-жарым жылдыктын жыйынтыгындагы финансылык көрсөткүчтөрүнө токтолсок, 1 млрд 178 млн сом киреше түшкөн. 726 млн чыгыша болсо, 451 млн таза пайда көрдүк. Былтыр киреше 945 млн сом, чыгаша 600 млн сом, пайда 330 млн сомду түзгөн. Жылдан жылга кызмат көрсөтүүлөр аркылуу тапкан пайдабыздын көлөмү өсүп жатканы байкалып жатат”, – деди Өмүров.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост