Акылбек Жапаров: Экономиканы туруктуу өнүгүү жолуна салуу жана мамлекет башчы белгилеген максаттарга жетүү үчүн аракетибизди үч эсеге арттыруу керек

 Акылбек Жапаров: Экономиканы туруктуу өнүгүү жолуна салуу жана мамлекет башчы белгилеген максаттарга жетүү үчүн аракетибизди үч эсеге арттыруу керек

«Биз экономиканы туруктуу өнүктүрүү багытына салуу үчүн күч-аракетибизди үч эсеге көбөйтүшүбүз керек жана мамлекет башчысы 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жана 2050-жылга чейин 200 миллиард АКШ долларына жеткирүү максаттарына жетишүүбүз керек», – деди Миннистрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жүрүшүндө.

МинКаб башчысы экономиканы өнүктүрүүнүн бул этабы чыгармачылык мамилени талап кылаарын белгиледи.

«Мен мамлекеттин кеңири программасында жаштарга басым жасоо менен жаңы көндүмдөрдү кеңейтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турам. Мен дагы сиздерден иштелип жаткан “Эл дөөлөтү – эмгек” программасынын ишин бүтүрүүнү чыдамсыздык менен күтөм. Жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн Экономика министрлиги менен Эмгек министрлигинин аракеттерин бириктиришибиз керек», – деди ал.

Акылбек Жапаров Улуттук банктын эсептик чендерин, ошондой эле Социалдык фонддун ставкаларын иш берүүчүлөр үчүн 12,5%дан 2%га чейин төмөндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардан тышкары, ички колдоо көрсөтүү, жаңы технологиялык линияларды сатып алуу үчүн ишкерлерге, ошондой эле өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын ачууга кичи жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү боюнча жаңы программаны ишке киргизүү зарылдыгын айтып сөзүн улады.

«Жетишкен ортоңку ийгиликтер жайбаракаттыкка себеп эмес. 2007-жылы мен Финансы жана экономика министри болуп иштеп турганда биз да биринчи жарым жылдыкта ИДПнын 12% өсүшүнө жетиштик. Экономикалык өсүштү стимулдаштыруу боюнча мындан аркы иштерди улантуу зарыл», – деди ал.

Связанный пост