Нарын облусуна 6 айда 480,9 млн сом каржыланды
Нарын облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 480,9 млн сом өлчөмүндө каржыланды.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Теңдөөчү трансферт – 185,3 млн сом;
- Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 6,6 млн сом;
- Электрэнергияга болгон 50% компенсациясына – 35,0 млн сом;
Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен- 51,9 млн сом бөлүнүп берилди.