Кыргызстанда электрондук түрдө 105 миңден ашык бала 1-класска катталды
Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен 16-июлуна чейин балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына республика боюнча 105 миң 517 бала катталды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиршкендей, авнын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
- Ош облусу – 19 126 бала катталды;
- Жалал-Абад облусу – 18 965;
- Чүй облусу – 17 590;
- Баткен облусу – 10 388;
- Ысык-Көл облусу – 8182;
- Нарын облусу – 4805;
- Талас облусу – 4372;
- Бишкек шаары – 15 993;
- Ош шаары – 6096.
Учурда анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.
Каттоо 30-августка чейин созулуп, балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.
Бишкек шаарындагы бош орундар бар мектептердин тизмеси – пдф (файл).