Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет

 Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышты.

 

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, өткөн жылы “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы менен “Кыргыз-Түрк К – НефтьГаз” ААКтын (Түркия) ортосунда мунай өндүрүү жана даяр продукцияны сатуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, “Түндүк Сох” жана “Чонгара Галча” мунай кендери биргелешип иштетилет.

 

“Кыргызтранснефтегаз” МИнин башкы директору Айбек Чодонов министрге учурда аткарылып жаткан жана бүткөрүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 90%дан ашыгы аткарылды.

 

Мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу болжолдуу үстүбүздөгү жылдын сентябрында аяктап, ишке берүү пландалган. Учурда 4 мунай скважинасында (кудугунда) оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат.

 

Белгилей кетсек, инвестициянын жалпы суммасы 91 млн долларды түзөт. Завод ишке берилсе 51 жумуш орду түзүлөт (анын ичинен 10 түрк адиси, 41 Кыргызстандын жараны). Октябрь айынан тарта жумуш орундарын 150гө чейин көбөйтүү пландалууда.

“Түндүк Сох” жана “Чонгара Галча” мунай жана газ кендерин иштетүү үчүн техникалык долбоорлор даярдалды. 2023-жылдын 11-июлунда КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинемамлекеттик экспертизадан өткөрүү үчүн төмөнкү 3 долбоор берилген:

 

жер казынасын коргоо;

өнөр жай;

экологиялык коопсуздук боюнча.

Белгиленгендей, учурда бул боюнча оң корутундулар алынган.

 

Энергетика министри тийиштүү жетекчилерге заводду куруу иштеринин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

 

Мындан тышкары, министр “Кыргызтранснефтегаз” МИнин 1- “Бүргөндү” газ бөлүштүрүү жайына баррды. Анда министр газ жабдууларын текшерип, жумушчулардын шарттары менен таанышты.

Связанный пост