Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжан Республикасына келди.

 

Мамлекет башчысынын борту Физули шаарындагы Эл аралык аэропортко конду.

 

Президент Садыр Жапаровду Азербайжан Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Ягуб Эюбов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

 

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө-мамлекеттердин жана байкоочуларынын желектери илинген, килем төшөлгөн, аны бойлото Ардактуу кароол тизилген.

 

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышат.

Связанный пост