Акылбек Жапаров: Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ЕАЭБ ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири жана ушул бойдон калат берет
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири жана ушул бойдон калат берет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Беларусь Республикасына жумуш визитинин алкагында, “Белагро-2024” адистештирилген эл аралык көргөзмөсүнүн аянтчасында өткөрүлүп жаткан “Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясындагы сөзүндө билдирди.
МинКаб башчысы белгилегендей, көргөзмө жогорку кадыр-баркка ээ жана салттуу түрдө өзүнүн аянтчасында алдыңкы агрардык жана агроөнөр жай секторун гана эмес, эл аралык өнөктөштөрдү да чогултат.
“Эсеп боюнча 34-көргөзмө, Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгын майрамдоо мезгилинде өтүп жаткандыгы кубандырат. Көргөзмөнү өткөрүү өлкөлөрүбүздүн айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын мындан ары дагы бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем, – деди ал.
Эл аралык эксперттик уюмдардын эсептөөлөрү боюнча 2022-жылы 58 өлкөдө жана аймактарда 258 миллиондон кем эмес адам азык-түлүк коопсуздугу көйгөйүнө туш болгон жана 2028-жылга карата жер шарынын дээрлик 1 миллиард калкы тамак-аштын жетишсиздигине дуушар болот.
Анын айтымында, мындай тобокелдиктердин негизги факторлору биринчи кезекте аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана геосаясий шарттардын чыңалуусунун күчөшү. Ошол эле учурда саясаттагы кескин өзгөрүүлөр азык-түлүк өндүрүшүнүн глобалдык системалары үчүн тобокелдиктерди жаратат жана суроо-талап менен сунуштун ортосундагы балансын бузуп, сооданын жана дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугунун келечегине кедергисин тийгизиши мүмкүн.
“Кыргызстандын айыл чарбасы өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири жана дүйнөдөгү эң зарыл жана маанилүү тармак болуп саналат. Өлкөнүн экономикасынын агроөнөр жай секторун өнүктүрүү саясаты ички агроазыктүлүк рыногунун туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин сактоо, ошондой эле жаңы экспорттук орундарды издөө үчүн макулдашылган иш-аракеттерди кабыл алууга багытталган. Кыргыз Республикасы тарабынан тамактануу, азык-түлүк коопсуздугу жана адам укуктары жаатындагы эл аралык макулдашуулар ратификацияланган, ошондой эле 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүнүн адаптацияланган индикаторлору жана стратегиялык программалар кабыл алынган, ал документтерде тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы көйгөйлөрдүн жогорку артыкчылыгы таанылат.
Стратегиялык документтерди ишке ашыруунун алкагында жакынкы жылдары азык – түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ата-мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган 100 ири долбоорду агроөнөр жай комплексинин 11 тармагында ишке ашыруу пландаштырылууда”, – деди Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы айыл чарбасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын катарында агроөнөр жай комплексинде чарба жүргүзүүнүн кластердик методдорун киргизүү, айыл чарба продукциясына көз салууну жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн санариптик технологияларды киргизүү, кооперацияны өнүктүрүү, фермерлердин инновацияларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана заманбап технологияларды киргизүүнү камсыздоо-, деп белгиледи.
Акылбек Жапаровдун айтымында, ЕАЭБде Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн оң динамикасы калыптанууда. 2023-жылы Бирликке мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукциясын өндүрүшү 2015-жылга салыштырмалуу 22,7% га көбөйгөн.
«Азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси биздин Биримдигибиздин болуп көрбөгөндөй экономикалык кыйынчылыктардын контекстинде, ошондой эле калкты азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу негизги милдеттердин бири жана өзгөчө кырдаалдарда туруктуулукту сактоонун куралы экенин ачык көрсөткөн Ковид-19 пандемиясынын шарттарында иштешин эске алуу менен өзгөчө курч болуп калды. Ушуга байланыштуу ички рынокту толтуруу жана агрардык сектордун туруктуу иштеши үчүн Биримдикке мүчө мамлекеттер азык-түлүк коопсуздугун, анын ичинде аны жөнгө салуунун укуктук аспектилерин чыңдоо боюнча биргелешкен чараларды көрүүдө. Азык – түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Бирликтин ичинде биргелешкен иш-чаралар каралган, алар өз таасирдүүлүгүн жана интеграциялык натыйжаны көрсөттү”, – деди ал.
МинКаб башчысы Биримдиктин бюджетинин каражаттарынан агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылоо маселесин иштеп чыгууну баштоо максатка ылайыктуу деп эсептейт.
“2030-жылга чейин ЕАЭБдин алкагында жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияда каралган негизги милдеттердин бири, бирликке мүчө мамлекеттердин калкы үчүн азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Буга байланыштуу Биримдиктин тийиштүү документтерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл.
Бул чөйрөдө системалуу мамиле ЕАЭБдин жалпы айыл чарба рыногун коопсуз айыл чарба азыктары жана азык-түлүк менен толтуруу, өз ара сооданы өнүктүрүү, Биримдик өлкөлөрүнүн улуттук азык-түлүк коопсуздугуна коркунучтарды аныктоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жардам берет», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.