Баткенде 12-үй тибиндеги балдар бакчасы пайдаланууга берилди

 Баткенде 12-үй тибиндеги балдар бакчасы пайдаланууга берилди

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Баткенде 12-үй тибиндеги балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Баткен районунун Кара-Бак айылында “Сакина” үй тибиндеги балдар бакчасы ачылып, 25 балага билим тарбия бере баштады.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков бакчанын ачылуу аземине катышып, айыл элин, балдарды куттуктады.

Белгилей кетсек, КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, “өкмөттүк акселераторлор” программасынын “КРда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында, кызыкдар тараптарга үй тибиндеги бала бакчаларын ачууга жеңилдетилген шарттар каралган.

Анын максаты- кызыкдар тараптарга өз үйүндө, үй тибиндеги бала бакча уюштурууга жардам берип, балдарды бакчага тартуу болуп саналат. Бала бакча ээлери салык жана башка төлөмдөрдөн бошотулуп, балдардын саламаттыгына байланыштуу коопсуздук жана санитардык эрежелерин сактоосу гана жетиштүү болот.

Бүгүнкү күндө жалпы облус боюнча жыл башынан бери 12 үй тибиндеги балдар бакчалары ачылып, алдыда дагы 10 үй тибиндеги балдар бакчаларынын ачылуусу күтүлүүдө.

Связанный пост