Коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында рейддер өткөрүлүүдө
Коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында рейддер өткөрүлүүдө.
Ош шаарында коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, абалын текшерүү, жол кырсыктарынын алдын алуу, мыйзамга ылайык талаптардын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү максатында Ош шаарынын мэриясынын, жүргүнчүлөр транспортунун агенттигинин, жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте рейд өткөрүштү.
Рейд учурунда коомдук транспорттун техникалык, санитардык кемчиликтери, айдоочулардын жүргүнчүлөргө болгон тейлөө мамилеси, жол коопсуздугунун эрежелерин сакталышы текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлүдү.