Алай районунда «Айыл күнү 2024» жармаңкеси болуп өттү

 Алай районунда «Айыл күнү 2024» жармаңкеси болуп өттү

Бүгүн, 16-майда Алай районунун Гүлчө айылында аймактын өнүгүшүнүн жана эл аралык кызматташтыктын натыйжаларын көрсөткөн «Айыл күнү 2024» аттуу эң ири жармаңке болуп өттү.

 

Иш-чараны КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн администрациясы, Алай райондук мамлекеттик администрациясы жана Швейцариянын «Бай Алай» программасы чогуу-чаран уюштурду. Жармаңке Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын 30 жылдыгына да арналган.

 

Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан облус жетекчиси Шухратбек Абдурахманов жана Швейцария өкмөтүнүн өкүлдөрү: Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын (SDC) башкы директорунун жардамчысы, элчи Арно Вики, Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыктын (SECO) ыкчам бөлүмүнүн жетекчиси жана экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мартин Саладин мырза, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливьер Бангертер мырза, ошондой эле Алай жана Чоң-Алай райондорунун администрация башчылары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана ишкер коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

 

Облус жетекчиси Эльчибек Джантаев Алай, Чоң-Алай районунун тургундарын бүгүнкү ийгиликтери менен куттуктап, швейцариялык кызматташтыктын жана «Бай-Алай» программасынын жетишкендиктерине токтолуп, Ыраазычылык баракча жана белектерди тапшырды.

 

Жармаңке акыркы он жылда «Бай Алай» программасы Швейцариянын колдоосу менен Алай жана Чоң-Алай райондорунун туруктуу экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүп келатканын көрсөттү. Иш-чарада мал чарбачылыгындагы, кашемир өндүрүүдөгү, бал челекчиликтеги, туризмдеги жана кол өнөрчүлүктөгү ийгиликтер көрсөтүлүп, программанын инновациялык мамилеси баса белгиленди.

 

Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчү өнөр жайдын, экспортерлордун жана эксперттердин ортосундагы тыгыз кызматташтык жергиликтүү өндүрүмдүн сапатын жана атаандаштыкка жарамдуулугун арттырды. Мисалы, Алай менен Чоң-Алайдан келген кол өнөрчүлүк буюмдары эми Ош, Бишкек жана Каракол сыяктуу ири шаарлардын базарларына коюлууда, ошондой эле Wildberries, eBay жана Etsy сыяктуу эл аралык интернет-дүкөндөрдө жеткиликтүү. Кол өнөрчү аялдардын «Чон-Алай ишкер айымдары» бирикмесиндеги тобу өз буюмдарын Германияга ийгиликтүү экспорттоп, жергиликтүү буюмдардын дүйнөлүк деңгээлдеги өтүмдүүлүгүн көрсөтүп жатканын белгилей кетиш керек.

 

«Бай Алай» долбоору иш жүргүзгөн 10 жыл ичинде Швейцария айыл жергесиндеги жакырчылыкты мүмкүн болушунча азайтыш үчүн жумуш орундарын ачуу жана жергиликтүү тургундардын кирише табышы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында аймактын өнүгүшү үчүн дээрлик 7 миллион швейцар франкын бөлүп берген. Швейцариянын бул долбоору «Хелветас» уюму тарабынан Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, Алай менен Чоң-Алайдын 23 миңден ашуун тургунуна мал чарбачылыгы, бал челекчилик, туризм жана кол өнөрчүлүгү сыяктуу тармактарда кирешесин арбытууга жардам берди.

Связанный пост