Чүй облусунда кызыл китептерди тапшырылды

 Чүй облусунда кызыл китептерди тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев “Кара-Жыгач” айылынын жана “Өскөн-Ордо”, “Салкын-Төр” конуштарынын жашоочуларына кызыл китептерди тапшырды.
 “Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, жогорудагы үч жаңы конуштун 1000ден ашык тургундары жерге болгон жеке менчик укугун тастыктоочу кызыл китептерин алышты.
Жергиликтүү жашоочулар бул күндү көптөн бери күтүп келишкендигин белгилеп, ондогон жылдардан бери созулуп келген жер маселелерин чечип бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана анын ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевге ыраазычылыктарын айтышты.

Связанный пост