Ала-Бука районунда 70 орундуу заманбап медициналык борбор ачылды
Бүгүн Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Келте айылында облустун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар заманбап “Бакыт” медициналык борбору ишке берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Заманбап жабдыктар менен камсыздалган медициналык борбор эки жыл аралыгында курулуп, анда хирургия, терапия, гинекология бөлүмдөрү, диагностикалык борбор жана компьютердик томография аппараттары орнотулган.
Мекеме “Медикал трейд” жоокерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан жер аянты ажыратылып берилген. Мындан сырткары алдыдагы убакытта ооруканага баруучу жолго асфальт төшөлөт. Ал үчүн облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 4,5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.
Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мындай медициналык борбордун ишке берилишин район эли көп жылдардан бери күтүп келе жатканын айтты. Эми тургундардын түйшүгү жеңилдеп, үч райондун калкы алыс жол жүрүп кыйынчылык тартпай, толук кандуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жаралганын кошумчалады.
Иш-чарада медициналык борбордун курулушуна салым кошкон бир катар кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасы тапшырылды.