Азербайжан Президенти Садыр Жапаровду, ардагерлерди жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

 Азербайжан Президенти Садыр Жапаровду, ардагерлерди жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.

“9-май – биздин элдер үчүн жалпы майрам, ал фашизмге каршы, эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөштө фронтовиктердин жана ооруктагы эмгекчилердин тең келбес эрдигинин жана жан аябастыгынын символу катары тарыхта түбөлүккө калды. Ушул жаркыраган күнү биз баатырларыбыздын, өз мекени үчүн өмүрүн берип, коргогондордун элесин урматтап, терең сактайбыз, согуштан кийин талкаланган шаарларды жана айылдарды кайра көтөргөндөрдүн бардыгына таазим этебиз. Фронтто бир катарда туруп, согуш жылдарынын оор сыноолорун баштан кечирген элдерибиздин достугу жана кебелбес биримдиги Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн ар дайым бекем негиз болооруна ишенем”, – деп айтылат Азербайжандын Президентинин куттуктоосунда.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго, согуштун бардык ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине, боордош Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Связанный пост