Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталын көбөйтүү пландалууда
Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.
Ал азыркы учурда фонд экономиканын ар кайсыл тармагындагы 16 долбоорду каржылап жатканын белгиледи.
“Кооперациялардын жаңы долбоорлорун түзүү үчүн фонддун уставдык капиталын көбөйтүү пландалууда”, – деди ал.
Эске сала кетсек, фондду түзүү боюнча келишимге 2021-жылдын март айында Ташкентте кол коюлган. Алгач анын уставдык капиталы 50 млн долларын түзгөн, бара-бара аны 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү пландалууда.
Булак “Кабар” агенттиги