ЖКККББ: Коопту жана оор жүк ташуучу унаалар текшерилип, 43.5 миң сом айып салынды

 ЖКККББ: Коопту жана оор жүк ташуучу унаалар текшерилип, 43.5 миң сом айып салынды

Коопту жана оор жүк ташуучу унаалар текшерилип, 43.5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү Чүй облусунун “Сосновка” постунан коопту жана оор жүктөрдү ташыган унааларды жеринен текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Анда унаалардын техникалык абалы, кошумча жабдуулардын мыйзамдуулугу боюнча уруксат баракчалары, күйүүчү май, газ жана башка коопту жүктөрдү ташыган учурда коопсуздук эрежелерин сактоолорун текшерүүгө алып, аныкталган жүк ташуучу унаанын техникалык абалы талапка ылайык жооп бербегендиги жана унаанын бөлүктөрүн уруксааты жок өзгөрткөндүгү үчүн жалпысынан 10 айдоочуга 43 500 сом айып салынып, 4 унаа айып короо жайына токтотулду.

Связанный пост