Садыр Жапаров Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Физули шаарына келди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапардын алкагында Физули шаарына келди.
Физулинин эл аралык аэропортунда Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү, ардак кароол тизилди.
Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды.
Мамлекет башчылары калктуу конуштарды реконструкциялоонун башкы планы менен таанышып, Агдам шаарына барышат жана Азербайжандагы Кыргызстан мектебинин курулушун баштап беришет.