Экономика министрлиги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүүнү сунуштоодо
Экономика жана коммерциялык министрлиги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Мында:
– 2,25% – иш берүүчү тарабынан төлөнөт;
– 10% – кызматкер тарабынан төлөнөт.
Бирок мыйзам долбооруна ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү төмөнкү категорияларга жайылтылбайт:
– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;
– мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштетүүчү жана мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен казып алуу ишканалары;
– электр, жылуулук жана газ менен камсыз кылуу (камсыздоо) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар мунайзаттарын өндүрүү жана кайра иштетүүчү субъекттерди кошпогондо, алкоголду, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү жана импорттоо боюнча ишкердиктин субъекттери; Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндө (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунай жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
– уюлдук байланыш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер;
– Интернет провайдерлери;
– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер.
*Мыйзам долбоору 2024-жылдын 1-мартынан президенттин “Ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыгуусун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан.