«Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча жыл башынан бери 26,3 млн сом насыя берилди

 «Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча жыл башынан бери 26,3 млн сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча жыл башынан бери берилген насыялар боюнча кыскача маалымат.
Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 26390,0 миң сомго 81 насыя берилди, анын ичинен:
банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК, 7160,0 миң сомго 22 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 19230,0 миң сомго 59 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 286568,0 миң сомго 660 насыя берилди, анын иченен:
банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК,113838,0 миң сомго 264 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 172730,0 миң сомго 396 насыя.
Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 312958,0 миң сомго 741 насыя берилди.
– “Айыл Банк” ААК ,120998,0 миң сомго 286 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 191960,0 миң сомго 455 насыя.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору 2013-жылдан бери айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүп келет, негизинен бул долбоор 2024-жылы аяктамак, бирок карапайым дыйкандардын жана фермерлердин өтүнүчтөрүн аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 22–т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорун жылдык 12 пайыздык чен менен кабыл алынып, бүгүнкү күндө 10 пайыздык ченге төмөндөтүлүп, 5 млрд (беш миллиард) сомго каржылоо боюнча тескемеге өзгөртүүлөр киргизилди. Учурда насыялар “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу берилип жатат.
Бул долбоордун алкагында бир дыйкан-фермерди жылдык 10 пайыздык чен менен 500 миң сомго чейин каржылоо жагы каралган.

Связанный пост