Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

 Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 18нен 24-мартка чейинки аралыкта 23 миң 218 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

 

тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 239;

мас абалында унаа башкаруу – 97;

автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 40;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 948;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 640;

автоээнбаштык – 5;

белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 629;

жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 617;

Ошондой эле 923 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

 

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост