ӨКМ сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Ведомствонун маалыматына караганда, 21-22-мартта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ селдин алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды, дренаждык каналдарды таза зарылдыгын эскертет.