Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу жогору
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар :
– Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
– Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
– Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
– Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
– Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.
Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алуу, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
“Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз “112” кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат”, – деп айтылат маалыматта.