Каратэ-до сётокан боюнча курама команда Нью-Йоркто өткөн Эл аралык мелдеште 12 медаль жеңди

 Каратэ-до сётокан боюнча курама команда Нью-Йоркто өткөн Эл аралык мелдеште 12 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын каратэ-до сётокан боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нью-Йорк шаарында (АКШ) өткөн “EGN INTERNATIONAL KARATE NEW-YORK OPEN 2024” Эл аралык мелдешинде 12 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 3 коло) жеңди.

Мелдеш 10-март күнү өтүп, 11 мамлекеттен келген 700дөн ашык спортчу катышты.

 

Алтын медалдын ээлери (кумитэ версиясы боюнча):

Арнэл Саматов (6-7 жаш салмак Абс), Рауф Кыдыралиев (12-13 жаш салмак Абс), Абдибек Апсатаров (18-34жаш салмак -67кг).

Ката версиясы боюнча:

Арнэл Саматов (6-7жаш), Арууке Эргешова (12-13 жаш), Аскат Абдакимов (18-34 жаш).

 

Күмүш медалдын ээлери кумитэ версиясы боюнча:

Эмир Жалалов (12-13жаш салмак Абс), Нуртилек Саидов (14-15жаш салмак Абс).

Ката версиясы боюнча:

Рауф Кыдыралиев (12-13жаш).

 

Коло медалдын ээлери кумитэ версиясы боюнча:

Каган Сапарбеков (6-7жаш салмак Абс), Арууке Эргешова (12-13 жаш салмак Абс), Аскат Абдакимов (18-34 жаш салмак +75кг).

 

Курама команда машыктыруучулар Абдибек Апсатаров жана Нурали Кисанбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Связанный пост