Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгине мажүрүм талдын көчөттөрү отуругузулду

Бүгүн, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал көчөттөрү отургузулду. Жалпысынан дарыянын боюна 300гө жакын мажүрүм тал көчөттөрүн эгүү болжолдонгон.

 

Ошондой эле Ош шаарынын мэриясы «Бир жарандан – бир дарак» аттуу жалпы шаардык акциясын баштады. Калаа тургундарын сүйүктүү шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга активдүү катышууга чакырабыз.

 

Белгилей кетсек, 2024-жылы шаар аймагына 300 миңге жакын заманбап бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат.

Связанный пост