Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

 Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт
2024-жылдын 13-15-март күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 13 мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
13 мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
13-мартта күндүз жана 14-15-март күндөрү абанын температурасы төмөндөп,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан…+4° жылуу,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° …+2° жылуу,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуу, күндүз 4…9° жылуу,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз -3° …+2,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суук.
Республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз -4 …+1°.
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21°, күндүз -6…-11° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Связанный пост