Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орунга ылайыкталган мектеп пайда болот

 Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орунга ылайыкталган мектеп пайда болот

Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орунга ылайыкталган мектептин курулушу башталды.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, эки кабаттуу мектеп тогуз блоктон турат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,08 гектарды тузт. 22 окуу класс каралган, анын алтысы башталгыч класстарга жана он алтысы жогорку класстарга арналган.

Имарат өзүнө окуу класстарын, спорттук зал, ашкана, стоматологиялык кабинет, балдар өнөрканасын, китепкана, конференц-зал жана музыкалык залды камтыйт.

Учурда жер казуу иштери жүрүүдө.

Связанный пост