Кыргызстанда 13-14-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
13-мартта күндүз жана 14-15-март күндөрү абанын температурасы төмөндөп:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан…+4° жылуулукка чейин;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу;
- Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суук;
- республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4 сууктан…+1° жылуулукка чейин;
- республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21°, күндүз -6…-11° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.