Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча кызматы Юстиция министрлигиндеги өз алдынча бөлүм болду

 Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча кызматы Юстиция министрлигиндеги өз алдынча бөлүм болду

2024-жылдын 6-мартында юстиция министри А.Баетов Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча кызматына барды, анда өздүк курамды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому жана жаткан реформалардын жүрүшү боюнча маанилүү өзгөртүүлөрдү тааныштырды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаал борборунун директору Ж.Мамбеталиев жана юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу катышышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 59 токтомуна ылайык, Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти Жаза аткаруу кызматынын курамынан чыгарылып, КР Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча кызматы – өз алдынча бөлүм болду.

Мындан тышкары 2024-жылдын 28-февралындагы № 103 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын төрөгасы болуп А.К. Джанузаков дайындалган.

А.Баетов, Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматындагы реформаларды ишке ашыруу Юстиция тутумундагы маанилүү кадам болуп саналат – деп белгиледи.

Бул өзгөртүүлөр күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда эффективдүү контролду камсыздайт жана аны өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу үчүн ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Өз кезегинде Кызматтын жетекчилиги келген конокторго реформалар тууралуу маалымат берип, музейди, автопаркты, аскердик жана чарбалык мүлктөрдү, ошондой эле оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттарды – өткөрүү пунктун, нөөмөт жана административдик бөлүктөрүн, аскерге милдетүүлөр үчүн ашкананы ошондой эле аймактарга экскурсия жасады.

Юстиция министри жана аскер кызматкерлери жаңыланган ашканада биргеликте тамактанышты.

Связанный пост