Баткенде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүн белгилешти
Бүгүн Баткен шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүнө жана 5-мартта белгиленүүчү Ак калпак майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле салтанат улуттук кийим кийип, колуна туу көтөргөн жаштардын жөө жүрүшү менен уланды.
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана жергиликтүүлөр катышты.