“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктап калды
“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктап калды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкармалыктын төрагасы Манасбек Самидинов курулуштун жүрүшү жана учурдагы абалы менен таанышты. Азыркы учурда аэропорттун курулушу өз мөөнөтүндө журүүдө, анда иштердин 80%га жакыны бүтүп калды. Аба ырайы жакшырса, учуп-конуу тилкесинде курулуш иштери кайра жанданат, учурда ал убактылуу токтоп турат.
“Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин 3750 метрге чейин кеңейтүү заманбап авиацияда кеңири колдонулган Airbus A320, Airbus A321, Boeing 737 сыяктуу учактарды сутканын каалаган убагында кабыл алууну камсыз кылуу максатын көздөйт”, – деп айтылат маалыматта.
“Каракол” эл аралык аэропорту пайдаланууга берилсе саатына 200-250 жүргүнчүнү тейлей алат. Деңиз деңгээлинен 1704 метр жогору жайгашкан, аэропорттун учуп-конуу тилкеси заманбап талаптарга ылайыкталып бүткөрүлөт.