Бишкекте дем алыш күндөрү -20 градуска чейин суук болушу күтүлөт
Бишкек шаарында алдыдагы дем алыш күндөрү -20 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Абанын температурасы -4 градуска чейин төмөндөйт, 17-февралда күндүз -8..-10°, түнкүсүн -11…-13 градус болот.
- 18-февралда күндүз -4…-6°, түнкүсүн -18…-20°С болот.
- 19-февралда түнкүсүн -15…-17°, күндүз -4…-6°.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 17-18-февралдарда айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.
17-18-февраль күндөрү абанын температурасы төмөндөп:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13 градус;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;
- Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°;
- республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.