Бакыт Төрөбаев “Лейлек” ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясына “Лейлек” ГЭСи курулууда.

 

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган объектке барды.

 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Кыргыз-Каганат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан ГЭСтин кубаттуулугу 5,9 МВт.

 

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду тарабынан жеңилдетилген насыя катары 5,6 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат.

 

Чакан ГЭСтин биринчи агрегаты 2024-жылдын июнь айында ишке берилүүсү күтүлүүдө.

 

Курулуш иштеринин жүрүшүндө дарыядан ГЭСке чейинки 1км 800 метр аралыкка суу түтүктөрү тартылган.

Связанный пост