Түркмөнстан жөнөткөн гумжардам Бишкекке жетти
Түркмөнстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, темир жол аркылуу келген 58 вагон жүктү тосуп алуу иш-чарасына КР энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев дагы катышты.
Министрдин орун басары Түркмөнстандын президентине, Түркмөнстандын Энергетика министрлигине жана Түркмөнгаз мамлекеттик концернинин төрагасына ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин коңшу Өзбекстан да гуманитардык жардам катары 1 миң суюлтулган газ баллондорун жөнөткөн.