Жабырлануучулар андан ары дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 3-февралда ЖЭБде жабыркаган эки адам, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери андан ары дарылануу үчүн Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине жөнөтүлдү.
Жабырлануучуларды жакындары менен бирге кыргызстандык эки дарыгер коштоп барат. Бейтаптар, коштоп жүргөн туугандары жана дарыгерлер Президенттик ТУ-154 борту менен жеткирилет.
Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө, жабыркагандарды, алардын жакындарын жана медицина кызматкерлерин Түркияга жеткирүү үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.