ЖЭБди калыбына келтирүү. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 1000ге жакын адам тартылды

 ЖЭБди калыбына келтирүү. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 1000ге жакын адам тартылды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 991 адам, 23 техника тартылды.

Ыкчам штабдын маалыматына караганда, анын ичинде ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

  • авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоодо;
  • ЖЭБдин имаратын жылуулоо максатында 50 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;
  • жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.

ЖЭБдеги жумуштарды аткарууга тартылган жалпы 991 адамдын ичинен:

  • 490у Энергетика министрлигине караштуу ЖЭБдин жана электр компаниялардын кызматкерлери;
  • 393ү Мамкурулуштун куруучу жана атайы адистери;
  • ИИМдин 15 кызматкери;
  • Бишкек мэриянын 12 кызматкери жана аталган жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 15 техника тартылды.

ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Связанный пост