Балыкчыда “Этно-бала бакча” ачылды

 Балыкчыда “Этно-бала бакча” ачылды

Балыкчы шаарында уникалдуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси – “Этно-бала бакчанын” салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шаарынын активи жана меймандар катышты.

Бул инновациялык долбоор, өсүп келе жаткан муунга кыргыз элинин каада-салтынын, нарк-насилинин жана маданий мурасынын адатында тарбияланууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Облус жетекчи Э. Абдыкадыров өз сөзундө улуттук баалуулуктар боюнча түшунуктү жаш кезинен билип таалим тарбия алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Этно-бала бакчада» тарбиячылар балдарды маданиятыбыз менен сыймыктанууга, мекенчилдикке тарбиялоого жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган кызыктуу иш-чараларды өткөрүп татыктуу инсандарды тарбиялоого салым кошот деп ишенем”, – деди облус башчы.

Связанный пост